Таза суунун тарифи 1-октябрдан баштап 8,10 сомго чейин көтөрүлөт

2019-жылдын 1-октябрынан баштап Бишкекти суу менен камсыз кылуу жана канализация үчүн тарифтер көтөрүлөт. Тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтында жарыяланган, бирок, датасы көрсөтүлбөй жана кол коюлган эмес.

Документке ылайык, "Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализция боюнча тарифин бекитүү" № 146 2015-жылдын 29-июлундагы Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы токтомунун күчү жоготулду деп табылсын деп жазылган. Ага ылайык, эске салсак, калк үчүн 1 куб.м таза суунун баасы - 5,38 сом. Канализация үчүн – аккан сууну тазалоо 1 куб.м. - 1,20 сом.

Жаңы тарифтердин өлчөмүн – 8,10 сомго жана 2,30 сомго көтөрүү сунушталууда.

Мындай сунуш берген борбордун мэриясы таза сууга жана канализацияга тарифтин жогорулатылышын, шаардын суу түтүктөрүнүн жана канализация чарбасын колдонуу көп акча каражаттарын талап кылып, ал эми азыркы тарифтер ал чыгымды жаба албай жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

-Азыркы убакта шаарыбызда таза суу чыгарып жана керектөөчүлөргө жеткирип, агуучу сууларды тазалап туруучу жалгыз ишкана "Бишкексууканалы" ишканасынын акча каражаттары менен камсыздалышы өтө оор абалда, - деп белгиленет түшүндүрмө справкасында.

Муниципалитетте эсептешкендей, "Бишкексууканалы" жыл сайын 80 млн сомго чыгым болууда. Азыркы убактагы ремонт үчүн негизги фонддун акча каражаты менен камсыздалышы 30% түзөт, ушуга байланыштуу ар кандай аварияларды оңдоого берилген билдирүүлөр (жылына 15000 билдирүү) көбөйүүдө. Андан тышкары ишкананын кирешелүү болбой жаткандыгынын себеби тажрыйбалуу адистердин иштен кетип жаткандыгында, айлык маянанын өз убагында берилбей, салык жана анын төлөмдөрүн Соцфондго төлөө кармалып жатканы жана материал менен жабдык жеткирүүчүлөр алдында карыз болгондугу менен түшүндүрүлөт, - деп билдирет мэрия.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, шаардыктар таанышып чыгуусу үчүн бул документтер сайтта жарыяланган. Жергиликтүү депутаттар эмгек өргүүсүндө жүргөн бир жарым ай ичиндеги убакта жарандар, коомдук фонддор жана баардык кызыккан адамдар өздөрүнүн пикирин, каалоо-сунуштарын беришсе болот.

Сентябрь айында мэрия тарабынан берилген сунуштар комиссияларда каралып, андан кийин палатанын кеңешмесине алып чыгарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД