Жогорку Кеңештин депутаттары Турцияда Мырзакматов менен жолугушабы?

Жогорку Кеңештин депутаттары Турцияда Ош шаарынын мурдагы мэри, "Улуттар биримдиги" партиясынын негиздөөчүсү Мелис Мырзакматов менен жолугушууга ниеттенишүүдө. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына өздүк булактардан билдиришти.

Эске салсак, Дастан Жумабековдун жетекчилиги астында парламенттик делегация Турцияга расмий сапар менен жөнөп кеткен. Делегациянын курамына депутаттар Алмазбек Акматов, Талант Мамытов, Искендер Гайыпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров жана Канатбек Исаев киргизилген. Редакция мурда жазгандай , булардын акыркы экөөсү Москвада "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Эми Искендер Гайыпкулов бул делегациянын курамына капысынан кирбегендигин булактардан белгилешүүдө. Анткени ар кандай маалыматтар боюнча, саясий куугундагы Мелис Мырзакматов акыркы мезгилде Турцияда жашап жүргөндүгү айтылууда.

Ал эми Гайыпкулов "Ата Мекен" фракциясында депутат болгону менен, Мелис Мырзакматов лидерлик кылган "Улуттар биримдиги" саясий партиясынын мүчөсү болуп эсептелет. Анын үстүнө алар куда да болуп кетишет – парламент депутатынын кызы Мырзакматовдун уулуна турмушка чыккан.

Делегациянын Турцияда канча убакыт болоору так айтылбаганы менен, төраганын расмий жолугушуулары боло тургандыгы белгилүү, ал эми калган депутаттар Изник шаарында жайгашкан "Кыргыз" мавзолейине барууну пландаштырышкан.

Өз кезегинде "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруучу катчысы Клара Сооронкулова VB.KG редакциясына берген маегинде, азырынча аларга башка саясий уюмдардан биригүү жөнүндө сунуштар түшө электигин, бирок, партиянын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу планы бар экендигин айтып берди.

-Биз эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элекпиз. Адвокаттар Мелис Мырзакматовдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Ошондой эле биз шайлоо алдындагы программалар үстүндө иштөөдөбүз, - деп белгиледи Сооронкулова.

Чынында эле сүйлөшүүлөр жөнүндө азырынча сөз жүрбөшү мүмкүн, ал эми парламентке ким барат, канча адам кайсы партиянын желеги алдында аттана тургандыгы жөнүндө тема боюнча консультациялар жүрүп жатат, деген пикирин VB.KG редакциясына саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди.

-Белгилүү болгондой, бизде саясий партиялар саясатчылары менен эмес, бизнесмендери менен күчтүү. Бабанов да, Мырзакматов да байлардын катарына киришет, таасири бар адамдар, ооба, азыр алар чет жерде жүрүшөт, бирок, алардын электораты бар, акчалары да жетиштүү, таасир берүү мүмкүнчүлүктөрү да бар. Эң башкысы – 2020-жылдагы парламенттик кармаштарга катышууну ойлошууда. Эки саясатчы тең коллективдүү эмес, өз алдынча оюнчулар болгонуна карабастан, алар КСДП партиясы менен да (Атамбевсизи менен – ред.), "Кыргызстан" менен да биригип кете алышат. Ар кимиси депутат болгусу келет эмеспи, бирок, парламентте орун аз. Ошондуктан шайлоого бир партия менен эмес, 7-8 партиялар биригип жана ар бири 10-15 өз адамдары менен барганы оң, - деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.

Эске салсак, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго карата 2014-жылы көпүрө курууга бөлүнгөн 27 млн сомду мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Саясатчы өлкөдөн чыгып кетип, ал эми Ош шаардык соту аны 7 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Көп жылдардан бери унчукпай келген "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери, ушул жылы жазында өзү жөнүндө билдирүү тараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД