Т. Усубалиевдин ысмын Бишкектин аянтына ыйгаруу боюнча сиздин пикириңиз

Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин ысмын Бишкек шаарынын Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегиндеги аянтка (Өкмөт үйүнүн алдындагы) ыйгаруу жөнүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтому коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Буга ылайык документ БШК расмий сайтында жарыяланды.

Борбор шаардын депутаттары бул маселени сентябрь айында, жайкы каникулдан келгенден кийин кароону пландаштырууда. Белгилей кетсек, мурда профилдик комиссия Турдакун Усубалиевдин эмгегин жана шаардыктардын өтүнүчүн эске алуу менен бул сунушту колдоп берген.

-Акыркы бир нече жылдарда Бишкек шаарынын мэриясына, муниципалдык "Бишкекбашкыархитектура" мекемесине жарандардан, уюмдардан – "Кыргызстандын шайлоочулар ассоциациясынын" президенти Б. Керимбековдон, Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик кызматкерлеринен Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн – шаардык жайлардын бирине анын ысмын ыйгаруу боюнча кайрылуулар келип түшүүдө, - деп айтылат негиздөө-справкасында.

Маалымат үчүн: Турдакун Усубалиев – советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, 1961-1985-жж.. Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын биринчи секретары. Анын жетекчилиги астында республикада 150 ири өндүрүш ишканалары курулган, анын ишмердиги менен өнөр жайдын жана айыл чарбасынын, илимдин жана билимдин өнүгүшү, массалык турак үйлөрдүн жана Бишкектеги "Ала-Тоо" жана Жеңиш аянттарынын архитектуралык ансамблинин, Токтогул ГЭСинин жана башка ири жайлардын курулушу байланышкан.

Турдакун Усубалиев "Кыргыз Рсепубликасынын баатыры" жогорку мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлүп, "Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылган, Эмгек Кызыл Туу ордени, Достук ордени, I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Үстүбүздөгү жылы президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан "Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча" указга кол коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД