М.Абылгазиев ЖАМК бейтапканасынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) бейтапкана/госпиталынын ачылыш салтанатына катышты. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын баардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктап, жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишенерин билдирди.

"Бүгүн укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда. Биз репрессиялык мамиледен арылып, соттолгондор үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн, жазасын өтөп жана эркиндикке чыкканда алардын социалдашуусу үчүн сот адилеттигин гумандаштыруу багытын алдык. Бул багытта көп кадамдар жасалууда. Бирок буга карабастан кызматкерлерди социалдык коргоо маселелери чечилбеген бойдон калууда. Турак жайдын жоктугу, маянанын аздыгы жана башка маселелерди биз кадам кадамы менен чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Нарын жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында бул кызматтын кызматкерлери үчүн турак жай курулду. Мындай объекттердин ачылышы учурда тутумда оң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын ырастайт. Бардык орун алган маселелер тууралуу биз жакшы билебиз жана мен премьер-министр катары жазаларды аткаруу тутумундагы реформаларга өзгөчө көңүл бурууга аракеттенем", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, көз карандысыздык алган мезгилден бери жазаларды аткаруу тутумуна тийиштүү көңүл бурулбай келген.

"Жазаларды аткаруу тутуму кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик башкаруунун жалпы тутумунан обочолонгон деп айтууга болот. Анда иштин административдик ыкмалары эмес, расмий эмес, жарым криминалдык ыкмалары чоң мааниге ээ болуп келген. Ошону менен бирге жазаларды аткаруу мамлекеттин ички саясатынын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Мунун баары кызматкерлердин моралдык абалына таасир берген, анткени айрым адамдардын мөөнөтүнөн эрте бошотулушу чынчыл адистерди жазаларды аткаруу тутумунда болуп жаткан нерселерди жүрөгү аркылуу өткөрүүгө мажбур кылган. Бирок бүгүн сиздер көрүп тургандай, кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, мамлекет ак ниет кызмат үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылууда", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы эл аралык өнөктөштөргө долбоорду ишке ашыруудагы финансылык, материалдык жана консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң премьер-министр палаталарга жана медициналык имараттарга кирип, госпиталды жана бейтапкананы көрүп чыкты.

Маалымат катары: 2019-жылы бейтапкана/госпиталь курууну № 32 мекемесинин базасында уюшутуруу чечими кабыл алынган.

Бул жайдын имараты 1981-жылы курулган, 3 кабаттан туруп, баардык аянты 1840 кв.м түзгөн. Курулуш иштеринин сметалык баасы – 17 млн 412,2 миң сомго эсептелген.

Бейтапкана 15 миң бейтапка медициналык дарылануудан өтүүгө ылайыкталган. Кызыл Крест Эл аралык Комитети эмерек жана буюмдар менен жабдуу жагынан жардам көрсөткөн. БУУнун баңгизат жана кылмышкерлик боюнча Башкармалыгы менен кызматташуу алкагында медициналык жабдууларды сатып алуу ишке ашырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД