Илимий конференция: Кыргыздарга кандай башчы керек?

Бишкекте "Кыргыз деген ким?", "Анын бактысы эмнеде?" жана "Кыргызга кандай башчы керек?" деген темада илимий конференция өткөрүү пландаштырылууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына активист, "Дүйнөлүк жарандар лигасы жана уюму" коомдук бирикмесинин мүчөсү Тилек Усупов билдирди.

Анын айтымында бул темалар бүгүн абдан актуалдуу, андай болбосо кыргыздар өздөрүн жоготуп алуусу мүмкүн.

-Биз бул конференцияга баардык кызыккан эксперттерди чогултуп жана ушул суроолорду талкуулагыбыз келет. Анткени биздин менталитетке ар кандай: европалык, россиялык, өзбектердин жана башкалардын менталитетин аралаштыргысы келишет. Булардын баардыгы бизге туура келбейт, себеби кыргыздардын өзүнө гана тиешелүү өзгөчө менталитети бар. Азырынча кеч боло электе, биздин чыныгы улуттук аң сезимибиздин кайрадан жаралышына өз салымыбызды кошуубуз керек. Ошон үчүн биз жогоруда коюлган суроолорго туура жооп беришибиз зарыл, - деди Усупов.

Активист анын сөздөрүн кыргыздардын тарыхы тастыктап турат деген ишеничте.

-"Кыргыз деген ким?" деген суроого мурда жооп издеп келишкендей тар мааниде эмес, кенен, космостук планда кароо керектигин каалайт элем. Мисалы, менин түшүнүгүмдө кыргыз бул нигилист болуп эсептелет, тактап айтканда ал эч качан сырттан күчтөп киргизилген түшүнүктү кабыл алган эмес. Мунун өзү ал эркин адам болгон дегенди билдирет. Мына "Манас" эпосунан дагы бир мисал алалычы, ал хан гана болбостон, кадимки эле аскер да болгон. Мына ушул себептен ал кыргыздардын арасында абдан чоң абройго ээ болгон. Анын кең пейилдиги жана улуулугу, ага тиешелүү боорукерлик жана айкөлдүк сыяктуу сапаттарына дал келген. Эгер эпостун бирнчи бөлүгүн карап көрсөк, анда ислам элементтери кезикпейт. Анда кыргыздардын кайрымдуулугу жана кайраттуулугу гана көрсөтүлөт, анан акыркы бөлүгүндө исламдын элементтери киргизилген. Эми "Кыргыз деген ким?" суроого кайрылсак, кыргыз улуу адам болуу үчүн жаралган деп айта алам. Анткени анын рухий дүйнөсүнүн жараткан менен байланышы, аны алсыздарга карата кайрымдуу кылып, а эми басып алуучуларга карата согушчан жараткан, - деп кошумчалады ал.

Коомдук ишмер кыргыздардын башчысы жөнүндөгү тема, тактап айтканда ал кандай болушу керектиги өтө маанилүү деп эсептейт.

-Кыргыздарга кандай башчы керек? Бул абдан олуттуу суроо. Кыргыздарга чынында эле баардыгы үчүн абройлуу жана баары урматтап жана сыйлаган башчы керек. Мен акчалардын жана револяциялардын арты менен эмес, өзү жасаган иши менен келген адамды эсептейм. Карап көргүлөчү, бизде өзүнүн артында жакшы из калтырган башчы азырынча боло элек. Мен Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдарды айтып жатам. Эмне үчүн ушундай болууда? Мүмкүн биз өз менталитетибизди кайрадан карап жана керектүү жаңы жолду издешибиз керек болуп жүрбөсүн. Балким биз өз тарыхыбызга терең көз чаптырышыбыз керектир. Биздин башчыларыбыз тарыхта терең из калтырган мисалдар болбоду беле. Жалпысынан айтканда, кеч боло элегинде биздин баалуулуктарыбызды башкача түшүнүүгө убакыт келди, - деп белгиледи редакциянын маектешүүчүсү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД