Кыргыз-өзбек чек арасын чектөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

2019-жылы 14-15-июлда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн жумушчу тобунун кыргыз-өзбек чек арасын чектөө боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиев катышты. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек аранын өтүшү боюнча калган кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин чектеп чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин биргелешип талаада текшерүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки сүйлөшүүлөрдү Өзбекстан Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД