Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин 21-августта карай турган болду

Бүгүн Жогорку сотто саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши каралмак, бирок, сот отуруму бир нече мүнөткө гана созулуп, андан кийин башка күнгө жылдырылды.

Кийинки сот отуруму 21-августка дайындалды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутуты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, сотттук коллегия кылмыш иши боюнча материалдар менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурумду башка күнгө дайындады.

Эске салсак, сот Өмүрбек Текебаевди пара алгандыгы үчүн айыптап, 8 жылга камакка алган. Бул иштин негизги күбөсү катары, РФ Мамлекеттик думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский болгон. Учурда ал Москвада пара талап кылгандыгы үчүн айыпталып камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД