Москвада жердештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын июль айында КР ИИМ Россиядагы өеүлчүлүгүнүн активдүү колдоо көрсөтүүсү менен, Москва шаарынын аймактык ИИБ бөлүмү тарабынан, өз мекендештерин карактоого шектүү кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, каракчылыкка шектелип кармалган жаран мурда оор кылмыштарды жасаганы үчүн сот жообуна тартылган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Ушул жылдын апрель айынын башында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып, чала таанышы ага кол салгандыгын билдирген. "Баха" аттуу адам менен белгисиз жаран Москва шаарынын чыгыш тарабында ишкерди тапанча менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акча каражатын тартып алышкан.

Аталган факт боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан "Баха" аттуу жаран тууралуу маалыматтар такталды. Ал - Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну. Мурда Казакстандын аймагында адам өлтүрүү боюнча соттолгон.

Россиянын мыйзамына ылайык кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы тергөө абагына камалат. Азыркы учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы териштирилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД