Нарын районунун тургундары Солтон-Сары кенин жабууну талап кылышууда

Солтон-Сары алтын кени жайгашкан Нарын районунда абал курчууда. Жергиликтүү тургундар тез арада бул кен чыккан жерди жабууну жана кытайлык компаниянын ишмердүүлүгү боюнча иликтөө ишин туура жүргүзүү талабы менен митингге чыгууну пландаштырып жатышат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Элет көйгөйү" коомдук уюмунун жетекчиси Марипа Алыйкулова билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун тургундарынын баардыгы каршы чыгууга даяр.

-Вице-премьер-министр Боронов жергиликтүү бийликтерге абалды иликтеп, анализ жүргүзүп жана бул чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссия түзүү тапшырмасын берген. Бирок иштин мындай чечилиши бизди канааттандырбайт. Ысык-Көлдө уранды казууга каршы чыккандарды алдагандай, бизди да жолго салышат деп эл чочулоодо. Биз бийликтегилерден мамлекеттик-коомдук комиссия түзүп, биздин активисттер да анын курамына кирүүсүн талап кылабыз. Эгер биз Ысык-Көлдө ушундай талаптарды койбогонубузда, ал жактагы уран кендерин каза беришмек. Биз бийликке ишенбейбиз, ошондуктан өз укугубузду жана өмүрүбүздү коргойбуз. Эгер өкмөт биздин талаптарыбызды укпаса, эл анын отставкага кетүүсүн талап кылат, - деди Алыйкулова.

Эске салсак, Нарын облусунун Нарын районунда жайгашкан Солто-Сары алтын кенин кытайлык Zhong Ji Mining COMPANI казып иштеткенден бери жергиликтүү тургундардын малы кырыла баштаган.

Мамлекеттик ветеринардык инспекция VB.KG редакциясына тастыктагандай, өлгөн малдан анализ алынган кезде, мышьяк жана нитрит бар экендиги аныкталган. Эколог адистердин айтымында, уулуу заттар сууга жана жер кыртышына өтсө, бул аймакты тазалоо керек болот, ал эми мындай иштерди жүргүзүү бир топ убакытты алат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, кытайлык инвестор кенди казып иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияны 2013-жылы февраль айында эле алган. Бул компания менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр-чатак буга чейин да бир нече жолу болуп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД