Активистка ТИМ министринин орун басарынын калпын чыгарды

"Элет көйгөйү" коомдук уюмунун жетекчиси Марипа Алыйкулова Тышкы иштер министрилигинин аткаминерин калп айтты деп күнөөлөдү. Бул жөнүндө ал VB.KG редакциясына билдирди.

-Мен Алмаз Кененбаевдин (президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары - VB.KG) коомдук жардамчысы болом. Ал биздин мекендештерибизди Сириядан Кыргызстанга кайтып келүү маселеси боюнча менин ТИМ өкүлдөрү менен жолугушуумду уюштурууга жардам берген. Кече күнү Тышкы иштер министрлигине барсам, мени министрдин орун басары тосуп алды. Ал өзүн Азиз Маматович (Азизбек Маматович Мадмаров тышкы иштер министринин орун басары) деп тааныштырды. Биз жогорудагы маселени талкуулагандан кийин, маалымат алышып туруу үчүн ал өзүнүн телефон номерин жазып берди. Кийин мен ага ошол номер боюнча Казакстандын Бишкектеги кеңешчисинин байланыш телефонун жана башка маалыматтарды жазып жибердим, бирок, ал жооп берген жок. Кийин ал мага жазып берген телефон номери ага тиешелүү эмес, айылдык бир кыздын номери болуп чыкты. Ал мени жөн гана алдап салды! Биздин жарандар үйлөрүнө кайтууга аракет кылып, бул үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышса, Тышкы иштер министрлигинин аткаминерлери алардан обочолонуп, бул көйгөйдү байкабаганга аракет кылышууда, - деди Алыйкулова.

Белгилей кетсек, Марипа Алыйкулова көп маселелер боюнча ар дайым өз пикирин билдирип келет. Алардын ичинен эң белгилүү акциясы – үстүбүздөгү жылдын май айында ЖЖЭ бузууда штрафтардын кымбат болгондугуна карата айдоочулардын каршы чыгуусу эсептелет. Мындан тышкары ал Сириядагы Кыргызстандын жарандарынын көйгөйлөрү боюнча уюштурулган тегерек столдун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын бири болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД