Кореянын премьер-министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. "Манас" эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Кореянын премьер-министринин расмий иш сапарынын алкагында бир нече иш-чара, анын ичинде 50дөн ашуун кореялык компаниянын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форумун, "В2В" түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Кореянын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Расмий иш сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД