Кыргызстанда машыктыруучулардын маянасы 50% көбөйтүлдү

Кыргыз Республикасынын өкмөтү машыктыруучулардын маянасын 50% жана дене тарбия кызматкерлеринин маянасын 20% көбөйттү. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана 400 гө жакын дене тарбия кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары республикабызда дене тарбия жана спорт боюнча жакшы ийгиликтер жаратылды. 2018-жылы Джакарта шаарында (Индонезия) 18-Азия оюндарында тарыхий жыйынтык жаралып, биздин спортчулар биринчи жолу 20 медаль, анын ичинен 3 алтын медалын утуп алышты.

Андан тышкары, 2018-жылы тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алып, 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында жакшы оюн көрсөтүп, адегенде топтук оюндан чыгып, плей-оффко чейин жетти. Ушуну менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында да утуп алган медалдардын саны өстү.

Эл аралык спорт аренасында биздин спортчулардын жетишкендиктеринин жакшыруусу – машыктыруучулардын, спортчулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин талыкпас эмгегинин жемиши болуп эсептелет.

Алардын эмгегин эске алуу менен КР өкмөтү тарабынан республиканын машыктыруучуларынын, спортчуларынын жана дене тарбия кызматкерлеринин эл аралык спорттук аренда жогорку ийгиликтерге жетүүсүн стимулдаштыруу чечими кабыл алынды. Бул олимпиадалык резервдин өнүгүүсүнө жана стипендиянын төлөнүп берүүсүнө да стимул бермекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД