Украинанын экс-президенти кылмыш иштери боюнча суракка келбей жатат

Украинанын экс-президенти Петр Порошенкого карата 11 кылмыш иши козголгон. Бул жөнүндө брифинг учурунда Украинанын Мамлекеттик тергөө бюросунун директору Роман Труба билдирди.

Бүгүн Украинанын Мамлекеттик тергөө бюросу биздин мамлекеттин жогорку кызматтагы адамдардын мыйзамсыз иштери боюнча ар кандай жарандар тарабынан арызданууларынын аркасында 11 кылмыш ишин иликтөөдө, - деп билдирди Труба.

Бул иштер кылмыш жолу менен кирешени легализация кылуу, ошондой эле соттордун ишмердигине кийлигишүү болушу мүмкүн, деп түшүндүрдү ал.

Ал ошондой эле салык төлөөдөн качкандыгы, "Кузница на Рыбальском" заводун сатуудан кылмыш жолу менен кирешени легализациялоо боюнча Порошенкону суракка чакырышканы жөнүндө айтып берди.

Украинанын мурдагы президенти күбө катары 17-июлда суракка келиши керек эле, бирок, тергөөчүлөр анын келгенин көрүшкөн жок. Роман Труба брифинг учурунда, Петр Порошенкого кайрадан чакыруу жиберилерин, бирок, ал 21-июлда Радага болгон турган шайлоолордон кийин болоорун белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД