Сооронбай Жээнбеков Кореянын премьер-министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту.

-Бул акыркы 28 жылдан бери, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн убакыттан тарта Корея Республикасы тарабынан болгон жогорку даражадагы алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөрдүн достугун бекемдөө жана өз ара байланышын активдештирүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем, - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Өз кезегинде Корея Республикасынын премьер-министри эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуу жылдары ичинде Кыргызстанга биринчи жолу расмий иш сапары менен келген Кореянын Өкмөт башчысы болоорун жана эки жактуу мамиленин өнүгүшүн тездетүү үчүн баардык күчүбүздү жумшайбыз, - деп белгиледи Ли Нак Ен.

Жолугушууда ошондой эле санариптештирүү, билим, туризм тармактары боюнча кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД