Шамил Атаханов сурак учурунда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бүгүн суракка чакырылган, бирок, өзүн начар абалда сезип тургандыгына байланыштуу сурак жүргүзүлгөн жок. Бул жөнүндө ИИМ бамса сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, саат 13:30. Атаханов ИИМ Тергөө кызматына суракка чакырылган.

Атахановду суракка алуу мүмкүн болгон жок, себеби ал өзүн жаман сезип тургандыктан, тергөөчү "Тез жардам" кызматын чакырып, Атаханов ооруканага жеткирилген.

Эске салсак, экс-вице-премьер Шамил Атаханов буга чейин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган. Кийин тергөө менен кызматташууга барганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД