Өкмөт ЖЖЭ бузгандыгы үчүн штрафты ылдыйлатууга макулдугун берди

ЖККК комиссиясынын мүчөлөрү ИИМ Бузуулар Кодексинин 1231-беренесинде каралган 1000 сомго чейинки айрым бузуулардын штрафын ылдыйлатуу максатка ылайык экендигине макулдугун беришти. Бул жөнүндө өкмөттүн маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул кеңешме вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги астында өттү. Кеңешме учурунда "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылып жаткан жолдордон башка республиканын баардык аймактарында жол кырсыктарынын өсүүсү байкалып жаткандыгы белгиленди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул иш чаранын ишке ашырылышы жана жолдордогу авариялардын абалы боюнча профилдик мамлекеттик структуралардын жетекчилери жооп бере тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары айрым жол эрежелерин бузуу боюнча штрафтарды ылдыйлатуу маселеси каралды. Атап айтсак, ЖККК комиссиясынын мүчөлөрү ИИМ Бузуулар Кодексинин 1231-беренесинде каралган 1000 сомго чейинки айрым бузуулардын штрафын ылдыйлатуу максатка ылайык экендигине макулдугун беришти.

Ошону менен бирге эле, Комиссиянын мүчөлөрү автоунааны мас абалында айдагандарга штрафты максималдуу жогорулатуу керек деп эсептешет.

Кеңешмеде республиканын жолдорун паспортизациялоо, автомектептердин ишмердигине көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү, ошондой эле авария кооптуулугун жараткан жол тилкелеринен арылуу сыяктуу маселелер каралды.

Кайсы жол эрежелерин бузуу боюнча штрафтар кыскартылат

Жол белгилери же жолдо салынган белгинин талабын аткарбоо, токтоо дана токтоп туруу эрежесин бузуу, анын ичинен маршруттук унаа токтоочу тилкеде, жүк ташуу эрежелерин бузуу, анын ичинен унааны сүйрөтүү, жолдо жүрүү учурунда айдоочунун байланыш каражатын колдонуусу, коопсуздук аралыкты сактабагандыгы, стоп-линия алдында токтоо, жөө жүргөндөр өтүүчү жерде, тротуарларда, велосипед менен жүрүүчү жерде, обгон жасоо учурунда, жарык берүүчү жана эскертүү берүүчү приборлорду колдонууда, жол чырагынын же регулировщиктин тыйуу салынган сигналына карабай өтүп кетүүдө, айдоочулардын жолго таштандыларды ыргытуусу (жыйноо, калтыруу, өрттөө) боюнча эрежелерди бузуусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД