ИИМ: Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Буга чейин "Элдик штабдын" өкүлдөрү бүгүн, 19-июлда күндүн экинчи жарымында күч колдонуп, мажбурлап алуу келүү операциясы боло турганы маалым болгонун жана операцияга укук коргоо органдарынын 1,5 миңдей кызматкери катышат экен деп билдиришкен.

-Күч колдонуп, мажбурлап алуу келүү тууралуу таратылган маалымат чындыкка дал келбейт, - деп ИИМ кыска жооп берди

Ошондой болгону менен Алмазбек Атамбаевдин резиденциясы жайгашкан Кой-Ташта мурдагы президенттин тарапташтары чогулууда.

Бейшембиде түн ортосуна жакын КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева соцтармактагы өз баракчасына төмөндөгүдөй маалыматты кабарлаган:

"Ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой – экс-президентти күч колдонуп, мажбурлап алып келүүгө команда берилиптир. Бул операцияны эртеңки күндүн экинчи жарымында укук коргоо органдарынын бир жарым миң кызматкерлеринин катышуусу менен ишке ашыруу пландаштырылган. Бийлик радикалдуу чараларга баруунун аягы эмне менен аяктаарын унутуп калса керек...".

Белгилей кетсек, кол тийбестик боюнча ИИМдин жана мурдагы президенттин пикири эки башка болууда. ИИМ тергөөчүлөрү Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынды, аны суракка алып, кылмыш ишин козгоого болот деп эсептешүүдө. Ал эми экс-президент өз кезегинде, буга макул болбой, депутаттардын чечимине карабастан, анын кол тийбестиги алына элек, ошондуктан суракка баруудан баш тартуудамын деген ойдо калууда.

Акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдөн үч жолу чакыруу алып, суракка баруудан баш тартты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД