ӨКМ башчысы: Кеңешчимдин камакка алынгандыгы боюнча маалымат жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЖАМКтан тастыкташты.

Мекеменин маалыматы боюнча, шектелген адам 6-июлдан бери Убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ушуну менен бирге ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов Азаттыкка берген түшүндүрмөсүндө, өзүнүн кеңешчисинин камакка алынгандыгын билбей тургандыгын билдирген.

"Менин кеңешчимдин камакка алынгандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Ал боюнча бир нерсени аныктайын десем, билүүгө мүмкүн болбой жатат. Жолборсов 1-июлдан баштап эмгек өргүүсүнө чыккан, телефонун да өчүрүп салыптыр. Мага эч бир маалымат бербей жатышат", - деди ал.

Белгилей кетсек, жергиликтүү ММКалар маалыматы боюнча, ӨКМ башчысынын кеңешчиси Нурбек Жолборсов 146 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул ишти уранды казып иштетүү боюнча тендерлер менен байланыштырышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД