Кара-Балта шаарынын тургуну поезддин алдында калды

Бүгүн, 19-июлда, саат 12.00. чамасында "Кара-Балта" темир жол станциясында 1960-жылы туулган А. Демченко аттуу жаран поезддин алдында калды. Бул жөнүндө "Кыргыз темир жол" мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, А. Демченко окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД