ЖАМК: Абактан чыккан улгайган адам карылар үйүнө жайгаштырылды

ЖАМК № 47 түзөтүүчү колониянын кызматкерлери 71 жаштагы адам абактан чыккандан кийин социалдык жардам көрсөтүп, Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жайгаштырышты. Бул жөнүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2009-жылы 1948-жылы туулган Анатолий Ткачев Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка 16 жылга кесилген.

Анын жаза өтөө мөөнөтү 2008-жылы 26-августта башталган. Ал 2018-жылы 3 майда дарылануу үчүн №47 мекеменин алдындагы ооруканага жаткырылган. А.Ткачев гипертониядан (кан басымынын жогорулашы) жабыркап, баш мээсинен инсульт алган.

Мындан тышкары анын айтымында, азыркы убакта туугандары менен байланышы жана туруктуу жашаган жери жок.

2019-жылы 26-июнда ИК № 47 администрациясы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кат жүзүндө кайрылып, бул жаран абактан чыккандан кийин социалдык жардамга муктаж экендигин билдирген.

Жогоруда аталган министрлик бул үчүн документтердин жана справкалардын 12 түрүн чогултуу керектигин кабарлап жооп берген.

Тиешелүү документтер топтолгондон кийин 5-июлда Бишкектин Ленин райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгы Анатолий Ткачевди Бишкектеги карылар үйүнө жайгаштырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД