Кубатбек Боронов Солтон-Сарыдагы жергиликтүү тургундар менен жолугушат

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу талабын айтып жаткан жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Кече күнү, 5-августта Нарын облусунун аймагындагы Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар ортосунда жаңжал чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышканга чейин барышкан. Кенге жакын жайгашкан айылдын тургундары кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишмердигин токтотууну талап кылып жатышат. Алар кенди иштетүүнүн кесепетинен ден соолукка жана экологияга зыян тийип жаткандыгын белгилешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД