Кен иштетүүчү "Zhong Ji Mining" компаниясынын 20 жумушчусу жабыр тартты

Бүгүн, 6-августта, таңкы саат 4:30 чамасында кече күнү Солтон-Сары кенине жакын жайгашкан айылдын жергиликтүү тургундар менен чыккан жаңжалда жабыр тарткан кытайлык кен иштетүүчү "Zhong Ji Mining" компаниясынын 20 жумушчусу Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучулардын баш мээси чайкалган.

-Азыр жабыр тарткандардын абалы туруктуу. Алар тиешелүү дарыланууну алып жана баардык медициналык дары-дармектер менен камсыз болушууда, -деп министрликтен түшүндүрүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД