Депутаттар СИЗОдогу Аида Салянованы туулган күнү менен куттукташат

Бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары экс-башкы прокурор Аида Салянованы туулган күнү менен куттукташат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына фракциянын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн алар убактылуу кармоочу жайдагы Аида Саляновага барышат.

-Тилекке каршы, мен азыр Бишкекте эмесмин, бирок, убактылуу кармоочу жайдагы Аида Жеңишбековнага депутаттар Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко барышып, биздин баардыгыбыздын атыбыздан туулган күнү менен куттукташат. Биз анын майтарылбас эрктүү болушун каалайбыз. Убакыт баардыгын өз ордуна коюп, акыйкаттык жеңет, жакында анын боштондукка чыга тургандыгы шек жаратпайт. Башкы күнөөсү барлар эркиндикте жүрүп, аны убактылуу кармоочу жайда камашканынын өзү эле акыйкаттыкка жатпайт. Муну эми гумандуулук деп айтууга да болбойт, - деп билдирди Шыкмаматов.

Эске салсак, Аида Салянова үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган.

Экс-башкы прокурор "мыйзамдагы ууру" деп аталган Азиз Батукаевдин 2013-жылы мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД