"Мамина дача" рестораны кызматкерлерине айлык акысын төлөбөйбү?

Бишкектеги "Мамина дача" ресторанынын мурдагы коллективи 2 айдан бери айлык акысын ала албай жүрөт. Бул тууралуу элдик жаңылыкты VB.KG редакциясына өз ысымдарын атабоону өтүнүп, коллективдин өкүлдөрү жазып жиберишкен.

-Биз мындай абалда биринчи жолу калып отурабыз, ошондуктан, эмне кылаарыбызды өзүбүз да билбейбиз. Бизге жеткен маалыматка караганда, ресторандын кожоюндары мындай иштерди биринчи жолу жасап жатышпаптыр. Алар жаңы коллективди жумушка алып иштешкенден кийин, кандайдыр-бир себептер менен жумуштан бошотуп турушат экен. Айтмакчы, азыр жаңы коллектив иштеп жаткан учур, - деп түшүндүрүштү алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД