УКМК Бабановго кайтып келбөө кеңешин берүүдөбү?

Эгер Бабанов Мекенине кайтып келе турган болсо, ал мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, УКМК Бабановго байланышкан эки кылмыш ишин иликтөөдө.

-Өмүрбек Бабановго жана башкаларга карата биринчи кылмыш иши анын Ош шаарынын "Амир-Тимур" кичирайонунда негизсиз жана чагымчыл маанидеги сөздөрдү сүйлөгөнү жана экинчи кылмыш иши бийликти күч менен басып алуу боюнча ачылган, бирок, бул иш токтотулган.

Азыркы убакта биринчи кылмыш иши боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат, - деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.

Эске салсак, мурда "Республика" партиясы лидери Өмүрбек Токтогулович Бабанов Бишкек шаарына учуп келүү чечимин кабыл алгандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД