"Коопсуз шаар" камералары массалык тартип бузуучуларды тартып калган

"Коопсуз шаар" долбоорунун видеобайкоо системасы Бишкектеги массалык тартип бузуучуларды тартып калган. Бул тууралуу маалыматтык технология жана байланыш Мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме белгилегендей, 8-августтан 9-августка караган түнү коомдук тартип бузуунун катышуучулары "Коопсуз шаардын" бир нече камераларын сындырып талкалашкан.

-7-апрель – Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган аппараттык-программалык комплекси, анын ичинде видеобайкоо системасы, Чүй проспекти – Шопоков көчөсүнүн кесилишинде, Бөкөнбаев-Абырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги видеобайкоо системалары да талкаланган, - деп айтылат Мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө.

Учурда келтирилген чыгымдын суммасы эсептелүүдө. Андан кийин долбоордун аткаруучулары укук коргоо органдарына доо арыздарын жиберишет.

Жогоруда аталган көчөлөрдө камералар жакынкы убакта кайрадан орнотулат.

Эске салсак, 8-августтан 9-августка караган түнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин жүздөгөн адамдар шаардын көчөлөрүнө чыгышкан. Алардын көпчүлүгү өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, журналисттерге, милиция кызматкерлерине жана көчөдө өтүп бараткандарга, жолдо жүрүп бараткан автоунааларга таштарды ыргытып, көчөлөрдөгү шаардык мүлктү сындырып талкалашкан. Күч структураларынын кызматкерлери аларды борбордук аянттан кууп таркатып, түнү бою шаардагы тартипке көз салып жүрүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД