КСДП Элдик штабы бийликтегилерге билдирүү жасады

КСДП Элдик штабы бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы жана камалышы, анын тарапташтарынын суракка алынышы боюнча билдирүү таратты.

-Биз Кыргызстандын бийликтеринен КСДП партиясынын жана Элдик штабдын мүчөлөрүн саясий куугунтуктоону токтотууну, эки тараптын жаракат алгандарына медициналык жардамдын бирдей көрсөтүлүшүн жана атайын кызматтын кызматкеринин курман болуусуна чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктоону талап кылабыз. Укук коргоо органдарынан кече түнү борбордо жана ага жакын жайгашкан айылдарда толкундоолорду уюштургандарды аныктап жана жоопко тартууну өтүнөбүз.

Биз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата процессуалдык процедуралар КР мыйзамдарынын чегинде так аткарылышын, ага жана анын кармалган тарапташтарына карата адамдын күнөөсү жок экендиги принциптеринин сакталышын талап кылабыз.

Биз азыр дагы Алмазбек Атамбаев кол тийбестик укугу бар, ошондуктан анын кармалышы жана камакка алынуусу мыйзамсыз жүргүзүлдү деп эсептейбиз.

Ошондой эле биз сөз эркиндигине кысым жасоону токтотууну жана "Апрель" телеканалынын берүүсүн кайрадан толугу менен камсыз кылууга чакырабыз.

КСДП партиясынын жана Элдик штабдын мыйзамсыздыкка каршы саясий жана коомдук ишмердиги толугу менен улантыла бермекчи деп билдиребиз.

Эске салсак, кече күнү күч органдарынын операциясынын жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Сот аны 26-августка чейин камакта калтырды. Анын тарапташтарын суракка чакырышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД