Прокурордун өлүмүнө айыпталган Калыков ачкалыкты улантууда

Баткен олусунун прокурорунун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыков ачкалыкты улантууда. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Мелис Калыков соттордун жана прокурордун негизсиз иш алып баруусуна каршылык билдирүүсүн улантууда.

-Биз сот ишинен судья Кудаяровду жана прокурорлорду четтетүүнү талап кылабыз! Кийинки кеңешме 13-августта болушу керек. Инимди сотко сүйрөп болсо да алып барыша тургандыгын айтып коркутушууда. Биз судьяны жана прокурорлорду сот ишинен четтетүү талабы менен Ош шаардык сотунун имаратынын алдында 3 күндүк митинг өткөрдүк. Бизди сот имаратынын ичине киргизбей коюшканынан, жолдун четинде отурдук, - деп айтты ал.

Эске салсак, мурда Дамира Калыкова VB.KG редакциясына Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча ишти алып барып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровдун өзү үч кылмыш ишинин фигуранты катары жүргөндүгүн кабарлаган. Ошондуктан айыпталып жаткан тарап бул судьяга ишенбестигин билдирген.

Сотто төрагалык кылган Жолборс Кудаяров акыркы отурумда айыпталуучунун баардык жактоочуларын, журналисттерди жана Мелис Калыковдун тарапташташтарын сот залынан чыгарып салган.

Айыпталуучунун жакындары акыйкатчыдан бул ишке аралашып, судьянын зулумдугун токтотууну суранышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД