Кыргызстандын мектептеринде салтанаттуу линейкалар 2-сентябрда өткөрүлөт

Билим берүү жана илим министрлигинин министринин буйругу менен бекитилген 2019-2020- окуу жылынын планы боюнча, жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жылы 1-сентябрь - Билим күнү дем алыш күнүнө туш келип жаткандыгына байланыштуу, ушул майрамга арналган салтанаттуу линейкалар өлкөнүн баардык мектептеринде 2-сентябрь күнү саат 9.00дө өткөрүлөт.

Окуу сабактардын расписаниесине ылайык 3-сентябрда башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД