Айыл чарба министрлигинин жетекчиси Чодуевди алдамчылыкка айыпташууда

Жалал-Абаддагы "Коттон Оушен" компаниясынын аткаруучу директору Ибраимова Замира Айыл чарба министрлигинин азыркы министри Эркинбек Чодуевди миллион долларды өзүнө ыйгарып алгандыгы боюнча айыптоодо. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, аткаминер пахта даярдоо үчүн берилген акчаны өзүнө ыйгарып алган.

-2007-жылы август айында "Коттон Оушен" компаниясында директорлук кызматын ээлеп турганымда, "Хлопковая корпорация Лиматекс" ЖЧКсынын аткаруучу директору Эркинбек Чодуевге пахта даярдоо үчүн 1 500 000 АКШ долларын нак санап бергеним жөнүндө расмий билдирем. Чодуев бул акчаны алып, келишим боюнча керектүү өлчөмдөгү сырьену даярдап берүү милдетин алган. "Хлопковая корпорация Лиматекс" ЖЧКсына берилген акча жөнүндө тастыктап берүүчү финансылык документтер менин колумда бар. Андан бир нече убакыт өткөндөн кийин Чодуев ар кандай себептер менен бизден качып жана жашына баштады. Келишимдеги милдеттенмелер аткарылган жок жана акчаны бизге эч ким айтарып бербеди", - деп түшүндүрдү Ибрагимова.

Андан кийин "Коттон Оушен" компаниясынын өкүлдөрү Чодуевге карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылышкан.

-Бул иштин акылга сыйбаган жагдайы, экспертиза келишимдердин баардыгында Чодуев кол койгондугун далилдесе да, тергөө иши мына 8 жылдан бери жылбай, ордунда тургандыгында болуп жатат. Бирок ошондой болгону менен, тергөө иштери бир канча жолу токтотулуп жана кайрадан башталып жатты. Ага карата кылмыш иши козголгондо, ал минстрдин орун басары кызматында отурган. Ошондуктан, менин оюмча, бул иш ушунча убакытка созулуп кетти, - деп божомолдойт ал.

Эми чыгым тарткан тарап кылмыш ишин Бишкекке которуу үчүн Башкы прокуратурага жана ИИМ кайрылды.

-Биздин өтүнүч кабыл алынды, азыр тергөө иштеринин жыйынтыгын күтмөкчүбүз. Акыйкаттык жеңет деп үмүттөнүүдөбүз, - деп кошумчалады ал


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД