Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталууда

Бүгүн, 13-августта, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталып жатканы боюнча маалымат таратты.

Башкы көзөмөл жүргүзүүчү органынан белгилешкендей, А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак учурунда күбөлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтүүлөрдү беришкен.

Башкы прокурор ошондой эле мындан жарым жыл мурда Кыргызстан Россияга Азиз Батукаевдин өзүн которуп берүү боюнча билдирүү жибергенин кабарлады.

-Бизге берилген жооп боюнча, азыркы убакта Батукаев Россияда жоопко тартылып камакка алынган, аны которуу маселеси камактагы мөөнөтү аяктагандан кийин каралат, - деп тактады Өткүрбек Жамшитов.

А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталгандар:

- Гемотология борборунун дарыгерлери Э. Макимбетов, И. Цопова жана аталган борбордун башчысы А. Раимжанов;

- мурдагы саламаттыкты сактоо министри Д. Сагинбаева, министрликтин өкүлү К.Бектемиров;

- өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы З. Рысалиев, анын кеңешчиси К.Качкыналиев, аталган мекеменин медициналык-санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы А.Асанов, дарыгер Ф.Атаходжаев;

- жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору М. Акматалиев, прокурордун мурдагы жардамчысы К.Жуматаев;

- мурдагы башкы прокурор А. Салянова;

- УКМКнын төрагасынын кеңешчиси М.Бекенов;

- мурдагы вице-премьер министр Ш. Атаханов;

- Нарын шаардык сотунун төрагасы Ж. Эрматов;

- жактоочу А.Касымов;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Б. Табалдиев.

Аларга КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коррупция), 329-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык), 359-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмасы), ошондой эле А. Атамбаевге КР Жазык кодексинин 43-беренеси, 319-беренесинин 2-бөлүмүндө (коррупцияны уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыштар менен шектенүү жөнүндө кабарламалар берилип, сот тарабынан тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө И.Цопова, К.Качкыналиев, А.Салянова, М.Бекенов, Ж.Эрматов, А.Касымов жана А.Атамбаев камакка алынып, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан үй камагына чыгарылган. Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Б.Табалдиевге издөө жарыяланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД