Айыл чарба министрлигинин жетекчиси алдамчылык боюнча түшүндүрмө берди

VB.KG редакциясынын Айыл чарба министрлигинин жетекчиси Эркинбек Чодуевдин алдамчылыкка айыпталуусу тууралуу жазганына расмий түрдө түшүндүрмө беребиз. Бул факт боюнча 2011-жылы февраль айынан бери тергөө иш чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 12.07.2019-жылдагы Токтому чыгып, ага ылайык "Ош облусунун райондор аралык сотунун "Коттон-Оушен" ЖЧКсынын доо арызынын канааттандырылбагандыгы жөнүндөгү чечими күчүндө калтырылган".

Токтом жарыяланган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы чечим болуп эсептелет жана даттанууга болбойт.

Бул жөнүндө айым Ибрагимова Замирага же Фирузага билдирүү жиберилген. Эскертүү: документтер боюнча "Коттон-Оушен" ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп Ибрагимова Фируза эсептелет.

Андан тышкары, Ибрагимова Фирузанын өзүнө карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Аны тастыктаган документтер кошумча берилмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД