Акыйкатчы: Маморгандары М. Калыковдун ачкалык жарыясына көңүл буруусу керек

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча иш КР Акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына өлкөнүн башкы укук коргоочусу Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, азыр бул иш боюнча жалгыз айыпталып жаткан Мелис Калыковдун туугандарынын кезектеги берген арызы боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Алардын жазганына караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө чоң катачылыктар кетирилген.

-Биз тергөө инстанцияларына бул кылмыш ишин кароодо чараларды көрүп жана кетирилген катачылыктарды эске алуусу үчүн тиешелүү материалдарды жибердик. Азырынча жооп ала элекпиз. Аларыбыз менен – кайрадан жиберип отурбаш үчүн анализ жасайбыз. Андан кийин арыздын ээсине жооп беребиз, - деди Мамытов.

Эске салсак, кече күнү Мелис Калыковду сотко ахывалы оор абалда алып келишкен. Анын эжеси Дамира Калыкова билдиргендей, инисинин буттары баспай калган – айыпталуучу жети күн мурда ачкалык жарыялаган.

Акыйкатчы прокуратура, ЖАМК жана сот органдары буга көңүл буруусу керек деп эсептейт.

-Мен ага ачкалык жарыяла деп айта албайм, каршылыгын билдирүү анын укугу болуп саналат. Эмне үчүн адам ачкалык жарыялайт – ал өзүнө карата сот иштери туура жүргүзүлбөй жаткандыгына каршылыгын билдирет. Муну териштириш керек. Сот, тергөө органдары анын талаптары мыйзамдуу түрдө коюлуп жаткандыгын моюндарына алып, тергөө иштериндеги катачылыктарды оңдоосу шарт. Эгер андай болбосо, анын себебин түшүндүрүп фактылар менен далилдеш керек, - деп Токон Мамытов өз пикирин билдирди.

Ушуну менен бирге өлкөнүн башкы укук коргоочусу тергөө жана сот органдары менен бирге айыпталуучуну адвокаттары менен бирге адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана акыйкаттыкка чакырды. Мына ушул үч принцип сакталганда гана ар кандай акциялардан, ачкалыктардан, ушактардан жана башкалардан алыс болуу мүмкүнчүлүгү бар деген ишеничте Мамытов.

-Бул резонанстуу иш жана сот органдары баардыгын мыйзам чегинде, ишти адилеттүү алып барууга кызыкдар, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, мурда Акыйкатчынын аппаратына Калыковдордун үй бүлөсүнөн эки арыз түшкөн. Ошондон кийин сот кеңешмелерине убагы менен институттун өкүлдөрү катышып жана мониторинг жасашууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД