Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдиргендей, 13-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды.

Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган Д.П. чек арадан алыс жайгашкан аймактан Казакстанга кирүүгө аракет жасаган.

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалып жана тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, ИИМ аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД