Москвада пенсионерлерди алдаган кыргызстандык сот жообуна тартылат

Москванын прокуратурасы билдиргендей, россиялык борбордо төрт пенсионерге карата алдамчылык иштерин жасагандыгы үчүн Кыргызстандын жараны сот жообуна тартылат.

Бул кылмыш иши боюнча 24 жаштагы Кыргызстандын жаранына карата айыптоо корутундусун Бутырск райондор аралык прокуратурасы бекитти.

Көзөмөл жүргүзүү органынын маалыматы боюнча, бул адам 159-беренесинде (алдамчылык, алдын ала макулдашып алып уюшулган топ менен жаранга ири өлчөмдөгү чыгым келтирүү) каралган төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жатат.

Бул жаран адамдарды алдоо максатында 2018-жылы ноябрь айында уюшулган топко кирип, улгайган адамдардын батирлерине барып, туугандарынын таанышы болоорун айтып, алардын кырсыкка учураганын жана ири өлчөмдөгү акча керек болуп жатат деп алдаган. Экинчиси такси айдоочусунун ролун аткарып, жабыркагандардын дарегине барып акчаларын алып турган. Борбор шаардын төрт жашоочусуна келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 млн рублди түзгөн.

Кыргызстандын жаранына карата козглгон кылмыш иши Москванын Бутырск райондук сотунда кароого жиберилген. Айыпталган жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аны камакка алуу чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД