ОБСЕ өкүлү КР бийлигин "Апрель" телеканалын камактан чыгарууга чакырды

ОБСЕнин ММКлар маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандын бийлигин "Апрель" телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды.

-Мени "Апрель" телеканалынын мүлкүнүн камакка алынышы жана анын ишинин токтотулушу тынчсыздандырууда. Бул чечимдин кандай кырдаалда кабыл алынгадыгы боюнча толук кабарым болгону менен, мен тиешелүү бийликтерден анын кайрадан карап чыгууга чакырам. ММК эркиндигин жана түрлөрүн кыйын абалдар түзүлгөн учурларда да сактоо керек, - деп ОБСЕнин басма сөз кызматы Арлем Дезирдин сөздөрүн келтирди.

Ал ошондой эле саясий окуяны чагылдырган журналисттердин коопсуздугун баардык тараптар сакташы керектигин белгиледи.

Эске салсак, "Апрель" телеканалынын эфирдик көрсөтүүлөрү 7-август күнү кечинде эле күч түзүмдөрүнүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ИИМге мажбурлап суракка алып кетүү иш чараларын жүргүзүүсү учурунда токтотулган.

9-августта тергөө органдары телеканал жайгашкан Медиа Форумдун имаратына камак салган. Атайын кызмат телеканалдын кызматкерлерин имараттан чыгарып салып, андан кийин ММКнын иши толугу менен жабылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД