Курсан Асановдун батири тинтүүгө алынды

Аскердик прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун батирин тинтүүгө алды. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамиддин Айткулов билдирди.

Кече күнү, 14-августта Курсан Асановду кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Аскердик прокуратурага суракка чакырылган. Адвокат маалыматты жайылтпоо боюнча катка кол койгондуктан, сурак тууралуу толук маалымат бере албай турганын айтты.

Булак: elgezit.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД