Прокурордун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды (сүрөт)

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 13-августта Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы К.Т. шаардагы ири өнөр жай ишканасынын кызматкери М.Т. менен алдын ала сүйлөшүп, А.К. аттуу жарандын кытай улутундагы күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 15 миң доллар пара талап кылгандыгы аныкталган.

-Алар Кыргызстандан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алганын айтып, топтолгон материалдарды тергөө органдарына өткөрүп, чет элдик жаранды депортация кылуу менен коркутушкан, -деп айтылат маалыматта.

Кече күнү, 14-августта Токмок шаарында укук коргоо органдарынын ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүсүнүн натыйжасында, прокурордун жардамчысы жана анын ортомчусу кармалды. Алар КР Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД