Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча комиссия иштей баштады

15-августтан баштап Бишкекте "Электрондук жазуу" системасы боюнча мектепке жазылбай калган балдарды биринчи класска кабыл алуу комиссиясы ишин баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы билдиргендей, борбор шаарыбызда комиссия 15-августтан 25-августка чейин, саат 15.00дөн кечки саат 19.00гө чейин иштейт.

Документтерди онлайн аркылуу жиберүүгө жетише албай калган ата-энелер, арыз жазып төмөнкү дарек боюнча жеткириши керек:

Биничи май районунун билим берүү борбору – Москва көчөсү 121,

Мусаева Рахат Ишенбековна, тел: 66 06 89.

Свердлов районунун билим берүү борбору – Кийизбаева көчөсү 91,

Керимбекова Махабат Жумабековна, тел: 68 79 70.

Ленин районунун билим берүү борбору – Чүй проспекти 315,

Алымкулова Гүлзат Мусулумбековна, тел: 65 68 93.

Октябрь районунун билим берүү борбору – Жукеев-Пудовкин көчөсү 150,

Турдакунова Анара Турдакуновна, тел: 57 70 85.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД