Өкмөт башчы Чаткалдагы Жамгыр кенин текшерип чыкты

Өкмөт кен иштетүү тармагында экологияны сактоо боюнча маселелерге айрыкча көңүл бөлүү менен, көзөмөл жүргүзүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барып, "Вертекс Голд Компани" компаниясынын жүргүзүп жаткан иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Вертекс Голд Компани" компаниясы 2011-жылдан бери кен казып алуу ишин жүргүзүп келүүдө. Бул кен чыккан жер Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда жайгашкан.

Өкмөт башчыга кубаттулугу 300 000 тонна кенди иштетүү фабрикасын куруу планы жөнүндө маалымат беришкен.

Компаниянын генералдык директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күндө кенди лабораториялык изилдөөдөн өткөрүп жана технологиялык регламенти иштелип чыккан. Фабрикадан сырткары вахталык поселок, турмуш-тиричилик комплекси жана башка курулуштар курулат.

Азыркы убакта кен чыккан жердин аянтчасына фабриканы куруу боюнча инженердик-геологиялык иштер аткарылып бүткөн, жергиликтүү тургундардын катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлгөн. Өндүрүштө азыркы учурдун талабына жооп бере турган заманбап технология колдонулмакчы.

Азыр ишканада 500 адам, алардын ичинен Чаткал районунун тургундары да жумуш менен камсыз болушкан.

Премьер-министр Жамгыр кени чыккан жеринде компаниянын өндүрүш пландарынын ишке ашырылуусу маанилүү экендигин баса белгиледи.

-Биз аймактарды өнүктүрүү саясатын ишке ашыруудабыз жана алыскы райондордогу кен иштетүү өндүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу менен, экологиянын сакталышына көзөмөл жүргүзөбүз. Бул маселеде өкмөт коопсуздуктун нормаларын сактоону талап кылат, - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине инвесторлорго коопсуздук талаптарынын аткарылышы боюнча баардык тараптан колдоо көрсөтүп турууну тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД