Аида Салянованын соттук иши 5-сентябрга жылдырылды

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иш боюнча Жогорку соттогу отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 15-августта КР Жогорку Сотунда А.Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекованын өтүнүч каты боюнча сот отуруму өтүшү керек болчу. Бирок адвокатка сот процесси жылдырылганын, отурум 5-сентябрда саат 16.00дө өтө тургандыгын билдиришкен.

Эске салсак, Аида Салянова "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД