Китеп окурмандарын Бишкектин эс алуучу жайларында күтүшөт

Борбор шаарыбызда 29-августка чейин "Китеп менен бирге эс алабыз" китеп акциясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жайкы каникулдар учурунда борборубуздун китепканалары шаардын эс алуучу жайларында китеп көргөзмөлөрүн өткөрүп жатышат.

"Жаш гвардия" сейил багында Ж. Турусбеков атындагы № 2 китепкана "Китеп – алтын казына" темасында көргөзмө өткөрүүдө.

Шаардыктар "Эркиндик" сейил багында эс алып жүрүп, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен жакын тааныша алышмакчы, бул үчүн китеп окурмандарына Чынгыз Айтматов атындагы № 1 китепкананын кызматкерлери жардам беришет, - деп айтылат борбордун мэриясынын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД