Россиянын педагогдору Кыргызстанга келип иштешет

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап Кыргызстандын мектептеринде 15 россиялык мугалим иштей баштайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын агартуу министри Ольга Васильева, орус тилин сактоо, коргоо жана өнүктүрүү маселеси боюнча Ведомстволор аралык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоор Тажикстанда ишке киргизилип, учурда ал жакта Россиядан барган 48 мугалим эмгектенип жатат.

-Чет өлкөлөрдө россиялык педагогдордун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча гуманитардык долбоорлордун географисы кеңейтилүүдө. Биздин өнөктөштөрдүн өтүнүчүнө жараша мындай долбоорлорду Сирияда, Словакияда жана Вьетнамда ишке ашыруу маселелери да каралууда, - деп билдирди Васильева.

Ал КМШ өлкөлөрү боюнча иш алып баруучу федералдык агентствого, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча чет өлкөдө жашаган мекендештерине чет жерде орус тилин колдоо боюнча көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул агентствонун өкүлчүлүгү Кыргызстанда да иштеп, бир топ пайдалуу демилгелерди киргизген.

Министр ошондой эле жакынкы убакта россиялык билим берүү стандарттарын Бишкекте жана Еревандагы "Гзапром" АК тарабынан курулган мектептерде киргизүү пландаштырылып жаткандыгы боюнча маалымат берди. Бул мкетептердин ишинин башталышы өкмөттөр аралык келишимдерде бекитилип, ушу жылы кол коюлат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД