Чүй облусунун ИИББ башчысынын дарылануусу мамлекет тарабынан камсыздалат

12-августта Самат Курманкуловду Москва шарындагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин коштоосунда алып барышкан.

Мадамин Каратаевдин айтымында, Самат Курманкуловду Москвага жеткиргенден кийин РИА академиги, профессор Александр Потапов карап көрдү.

-Самат Курманкуловго кошумча изилдөөлөр жана анализдер дайындалды, андан кийин дарылоо схемасы анык болот. Бүгүнкү күндө анын ахывалы туруктуу оор бойдон калууда. Бейтапты дарылоо боюнча баардык чыгымдарды мамлекет өзүнө алат. Ал тез арада сакайып кетет деген ойдобуз, анын дарылануусу Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болот, - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД