Өкмөт башчысы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам Робин Орд-Смит (Бизнес-акыйкатчы) менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы Робин-Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады.

-Өлкөдө ишкерлер көбүнесе өздөрүн корголбогон катары сезишет, ишкерликти жөнгө салуунун таза эмес, мыйзамда каралбаган механизмдери тууралуу бизнестен көптөгөн кайрылуулар түшөт. Эл аралык тажрыйбада таасирдүү механизмдердин бири Бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү болуп саналат. Бизнес-акыйкатчыны дайындоо, бул институтту ишке киргизүү жарандардын жана бизнес-коомчулуктун Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга ишенимин жогорулатат, коррупциялык көрүнүштөрдүн жана башка укук бузуулардын жана бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгына көмөк көрсөтөт деп ишенем", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бул уюмдун ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу жана ишмердигин күчөтүү үчүн жакын арада "Бизнес-акыйкатчы жөнүндөгү" мыйзам долбоорун сапаттуу даярдап чыгуу маанилүү экендигин белгиледи.

Робин Орд-Смит өз кезегинде КР өкмөтү тарабынан куттуктоо айтылып жана ишеним көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Маектешүү учурунда Бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жана өз ара кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД