Раиса Атамбаевага карата кылмыш иши козголду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү УКМК имаратынан билдирди.

Анын айтымында, кылмыш ишинин козголушу Манас Арабаевдин берген көрсөтүүсүнө байланышкан.

-Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Жада калса кайсы сот кайда жайгашканын да билбейм, - деди Атамбаева.

Ал ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин үй бүлөсү жашай турган үйү жок көчөдө калышы мүмкүн деп коркуп жаткандыгын айтты.

-Кой-Таштагы үйдү биз өз каражатыбызга салганыбызга карабай, ага да камак салынышы мүмкүн. Андан башка биздин жашай турган жайыбыз жок. Ошондуктан биз көчөдө калабызбы деп корком. 2002-жылдагы Акаевдин убагынан бери ачылган банктагы эсебибизге да камак салынды, - деди ал.

Мурдагы президенттин жубайы сөзүнүн аягында мамлекет башчысына кайрылды.

-Ал 22 жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн. Ошол убакта ал биздин үйдө бир нече жолу болгон. Силердин досуңармын деп ишендирип келбеди беле, эми анын достугу кайда калды. Биздин тарыхыбызда өлкө башчылары каршылаштарынын үй бүлө мүчөлөрүн эч качан куугунтуктаган эмес, - деп кошумчалады мурдагы президентти жубайы.

Эске салсак, бүгүн УКМК имаратында Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүп жатат. Ал 26-августка чейин камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД