Бишкек мэриясы бюджетке 9,5 млн сом кайтарып берди

Борбордук муниципалитет жерди ижарага алгандардан карыз 9 млн 952 миң 630 сом 77 тыйынды төлөтүп алды. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, ижара үчүн карыз болгондор 2015-жылдан бери төлөбөй жүрүшкөн.

-Борбордун мэриясынын жер ресурстары боюнча башкармалыгы КР Жер кодексинин 50, 65, 66, 119, 120-беренелерине ылайык ижара-карызы бар Н.И. Искендербекова жана Т.С. Мергенбаевге карата жазында Бишкектин Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Сот шаардын пайдасына чечим чыгарып, 9 млн 952 миң 630 сом 77 тыйын өндүрүлгөн.

Маселенин тарыхынан: 2015-жылы 12-июнда Н.И. Искендербековага Л. Толстой жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинен 3600,0 кв.м жер тилкеси, жеңил конструкциялардан курулган кеңсе жана кампа имараты убактылуу колдонууга берилип, ижара келишими түзүлгөн.

Ал эми экинчи карыз боюнча, 2015-жылы январь айында Т.С. Мергенбаевге шаардын 3-кичирайонундагы 0,1003 га жер тилкеси 5 жылдык мөөнөт менен кеңсенин курулушу долбоору менен ижарага берилген. Бирок, ал дагы шаардын мэриясына берген убадасын аткара алган эмес. Т.С. Мергенбаевдин ижара карызы 5 млн 401 миң 820 сом 62 тыйынды түзгөн, ошондой эле 1 млн 350 миң 467 сом 65 тыйын ижара акысын төлөө мөөнөтүн создуктуруп жибергендиги үчүн эсептелген.

Азыр соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, акча каражаттарын жана мүлктү шаар казынасына соттук аткаруучулардын институту аркылуу кайтарып алуу процесси башталды, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД