Кыргызстанда тоо эчкиси, элик, каман жана көгүчкөнгө аңчылык сезону ачылды

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар жана канаттууларга: тоо эчкиси, элик, каман жана бөдөнө, бактек, көгүчкөнгө аңчылык кылуу сезону ачылды. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылы 23-марттагы токтомуна ылайык, тоо эчкиси, каман, бөдөнө, бактек, көгүчкөнгө (эликтен башкасы) аңчылык кылуу сезону август айынын экинчи ишемби күнүнөн башталып жана декабрь айынын биринчи жекшемби күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Эликке аңчылык кылуу сезонунун мөөнөтү эртерээк, 2019-жылдын октябрь айынын акыркы жекшемби күнүндө аяктайт.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мекемесинин жектечилигинин чечими менен Кыргызстандын аймагында 2019-жылдагы аңчылык сезону убагында жапайы жаныбарларды атууга чек киргизилген:

Тоо эчкиси – 700 башка чейин,

Элик – 20,

Каман – 50 башка чейин.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мекемесинин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай иш чаралар Кыргызстандын аймагындагы жапайы жаныбарларды коргоо, тукумун улоо жана аңчылык кылуу ресурстарын туура колдонуу максатында жүргүзүлөт.

Азыркы убакта Кыргызстанда жашаган тоо эчкилеринин саны – 41 миң 463 башты, эликтер – 4 миң, камандар 2 миңден ашык башты түзөт.

Мындан тышкары Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген аркардын үч түрү: Марко Поло аркары, Тянь-Шань аркары жана Северцев аркары жашайт. Алардын жалпы саны бүгүнкү күндө 18 миңден ашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД