Кыргызстандын мугалимдери квалификациясын Санкт-Петербургда жогорулатууда

Орус тили жана адабияты мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча кезектеги курстары 12-25-августта Санкт-Претербург шаарында өткөрүлүүдө. КМШ, Европа, Азия жана Америка өлкөоөрүнүн 75 мугалиминин ичинде Кыргызстандан барган, Нарын мамлекеттик униуервситетинин жана Кыргыз-славян россиялык университетинин педагогдору да бар.

Программаны чет өлкөдө жашап жаткан мекендештер, , эл аралык гуманитардык кызматташтык жана КМШ иштери боюнча федералдык агентствосу уюштурган. Долбоордун максаты – орус тилин чет тил катары окутуу методикасы боюнча филолог-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелет.

Окуу программасы Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан иштелип чыккан. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга квалификациясы жогорулатылгандыгы боюнча күбөлүк берилет.

Курска катышкан мугалимдер мекенине келгенден кийин алган билими менен бишкектик жана нарындык кесиптештери менен бөлүшмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД