Ош шаарында "Ош Fest-2019" туристтик фестивалы ийгиликтүү өткөрүлдү

Фестивалдын башталышында Жибек Жолу караваны Гапар Айтиев жана Курманжан Датка көчөлөрүндөгү "Сулайман Тоодон" баштап "Алымбек Датка" этнографиялык борборуна чейин келип, өз товарларын жана сувенирлерин түшүрдү.

Жибек жолу караванынын курамында – атчандар, төө мингендер, жөө жүргөн артисттер жана актерлер болду.

Андан кийин "Алымбек датка" этнографиялык борборунда туристтик индустрия, айыл чарба өндүрүшү жана шаардык ишкерлер үчүн масштабдуу жарманке-көргөзмө ачылды. Уюштуруучулар белгилешкендей, комплекстин аймагы тамак-аш, мастер-класс, балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ж.б.у.с. боюнча зоналарга бөлүнгөн.

Ош шаарындагы "Ош Fest-2019" туристтик фестивалынын экинчи өткөрүлүшүндө куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев, үстүбүздөгү жылы Ош шаары "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" Эл аралык программасы ачылгандан тартып Түрк дүйнөсүнө белгилүү болгондугун белгиледи.

Андан тышкары улуттук театрлардын артистеринин Кыргызстандын тарыхы боюнча майрамдык программалары, жаштар бий коллективдеринин аткаруусундагы бийлер аткарылды. Ошондой эле Өзбекстандан келген жаш дизайнерлер жана Бишкек менен Ош шаарынын дизайнерлери тарабынан тигилген кийимдер көргөзүлдү.

Ош шаарындагы "Ош Fest-2019" туристтик фестивалынын иш чараларынын катышуучулары жана "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" Эл аралык программасын өткөрүүгө салымын кошкондор Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД